Коопсуздук Кеңеши «Кыргыз темир жолундагы” мыйзам бузууларды аныктады

4 октябрь 2018 13:50 814 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коопсуздук Кеңеши «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызматкери Алия Асанбаеванын кайрылуусун кароонун жыйынтыктарын чыгарып, анда мыйзам бузуулар болгонун аныктады.  

Буга чейин Алия Асанбаева “Бишкек-Москва”, “Бишкек-Новокузнецк-Бишкек” жана “Бишкек-Казань-Бишкек” каттамдары боюнча билети жок жүргүнчүлөр ташылганы тууралуу айтып чыккан.

Азыр бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иши Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенип жатканлыгы кабарланды.

Мындан тышкары, ушул сыяктуу фактылар боюнча Жазык кодекстин 173- беренесинин 1-бөлүгүндө, 221-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери боюнча Транспорт прокуратурасы тарабынан 5-сентябрда кылмыш иши козголгон.

Ссылка: https://barometr.kg/koopsuzduk-keeshi-kyrgyz-temir-zholundagy-myjzam-buzuular-bolgonun-anyktady



Добавить комментарий