Контрабанда жана бажы эрежелерин бузгандардан 60 млн. сом чогулду

22 июнь 2020 16:17 907 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Беш ай аралыгында 518 бажылык укук бузуу аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы кабарлайт.

2020-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери 518 бажылык укук бузуу фактысын аныкташкан, алардын ичинен бузуулардын бирдиктүү реестрине – 418 факты катталган. Өндүрүлгөн айып санкциялары – 2,1 млн. сом суммасын түздү. Бажы төлөмдөрү 45,4 млн. сом суммасында төлөндү.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине – 100 факты катталды, алардын ичинен, “экономикалык кылмыш” – 78 факты, “бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу” – 17 факт жана башка.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун 12,1 млн. сом суммасында толтурулду.

Жалпысынан, 2020-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик бюджетине кошумча 59,7 млн. сом түштү.


Ссылка: https://barometr.kg/kontrabanda-zhana-bazhy-erezhelerin-buzgandardan-60-mln-som-choguldu



Добавить комментарий