Карабахтан кетип жаткан армяндар жада калса бактарын да кыйып кетип жатышат

16 ноябрь 2020 10:23 5196 Barometr
Бөлүшүү:
ok

<

Жергиликтүү тургундарды жана армян аскер кызматкерлерин эвакуациялоо иштери уланып жаткан Карвачардын Карабах аймагында (азербайжанча аты Кельбажар) адамдар үйлөрүн жана мүлктөрүн өрттөп гана тим болбостон, бак-дарактарды кыйып, өздөрү менен кошо Арменияга алып кетишүүдө. Бул тууралуу Sputnik Армения жазган маалыматка таянып “Барометр” которду.

Маалыматта, армяндар түндөп болсо да болгон мүлкүн, жада калса бак-дарагын Азербайжандарга калтыргысы келбей кыйып кетип жатканы айтылат.

"Армяндар жолдун боюнда  тигилген бактарды да, жүк ташуучу унааларга, ал тургай жеңил унааларга салып кетип жатышат. Мүмкүнчүлүгү жеткен  бардык оокаттарын алып чыгышты жана азербайжандыктарга эч нерсе калбашы үчүн, алып кетүүгө болбой турган нерсени жок кыла башташты", -  дейт басылма.

Армениянын, Россиянын жана Азербайжандын башчыларынын 9-ноябрда жасаган үч тараптуу келишимине ылайык, Азербайжандын карамагына өткөн айылдын тургундарынын бири журналисттерге эмне үчүн үйүн өрттөлгөнүн түшүндүрүп берди.

"Булар биздин үйлөр, биз аларды өрттөп жатабыз. Биз эмне кылышыбыз керек? Биз аларга эч нерсебизди таштабайбыз. Биз бул жерден жерди берген жокпуз, бирок үйлөрүбүздү бердик. Эми жүрөгүбүздү бир аз жеңилдетүү үчүн аларды өрттөп жатабыз." - деди армян улутундагы киши.

"Менин балдарымды, армян аскерлерин өлтүргөн адамдар менин үйүмдө жашабашы керек", -деди айылдын дагы бир тургуну.

Азербайжандын haqqin.az гезити "Айсор" агенттигине шилтеме берип, Кельбажардын айрым тургундары атүгүл туугандарынын мүрзөсүн казып, сөөктөрүн өздөрү менен кошо Арменияга алып кетишкенин кабарлашты.

Үч тараптуу келишимге ылайык, Армения Келбажар аймагын Азербайжанга 15-ноябрга чейин кайтарып бериши керек. Бирок кийинчерээк бул мөөнөт он күнгө узартылды.

Баку муну Еревандын талабы боюнча аба-ырайынын ыңгайсыз шарттарына жана жай тургундарды эвакуациялоону жайлаткан географиялык өзгөчөлүктөргө байланыштуу жасагандыгын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/koluna-tijgendin-baaryn-chygaryp-ketip-zhatyshat-karabahtan-ketip-zhatkan-armyandar-baktaryn-da-kyjyp-alyp-ketip-zhatat



Добавить комментарий