Бишкекте колуна бычак алып аялын өлтүрөм деп коркуткан киши кармалды (Видео)
Кечээ, 17 июнда Бишкек шаарындагы Ден Сяопин көчөсүндө жайгашкан имаратта белгисиз киши колуна бычак сыяктуу нерсе менен аял кишини барымтага алды деген маалымат боюнча билдирүү "102" кызматына түшөн. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.
Жерине ыкчам тергөө тобу жана кайгуул кызматы келиши менен , алкоголдук ичимдик ичкен белгисиз киши колуна бычак алуу менен өзү менен кошо жашаган аялды кызганып, өлтүрөм деп коркуткан. Аны барымтага алып, өзүнө эч кимди жолотпой жаткан.
Биринчи май районунун №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси Эркин Жаанбаев аталган киши менен сүйлөшүү жүргүзүп, бычакты ыргытып, колго түшүп берүүгө үндөгөн. Бирок ал киши андан баш тартып, аялды коё берген эмес.
Милициянын подполковниги Жаанбаев кырдаалга баа берип, биринчи кезекте аял кишини барымтадан чыгарып, куткарууну көздөгөн. Кармашууда кишинин колундагы бычакты чаап түшүрүп, колуна кишен салып Биринчи май районунун ИИБнө жеткирилип, анын өздүгү такталды. Кармалган жаран 1984-жылы туулган С. К. экени аныкталды.
Тез жардам чакырылып жабыркаган аялга медициналык жардам көрсөтүлдү.
Бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө
Ссылка: https://barometr.kg/koluna-bychak-alyp-ayalyn-ltrm-dep-korkutkan-kishi-karmaldy-video
Добавить комментарий ×