Колдоп туралы! Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогунда беттешке чыгат
Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубоктун үчүнчү атаандашуу күнүндө грек-рим күрөшү боюнча дагы 5 медалдар топтому ойнотулат.
13-декабрда өткөн алдын-ала беттештердин жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков финалга чыгып, Калы Сулайманов коло медаль үчүн күрөшөт. Узур Джузупбеков чейрек финалда утулуп, бирок 3-орун үчүн жубатуучу турнирге мушташууга укук алды.
Ошондой эле, 14-декабрда аялдар арасында эркин күрөш боюнча мелдеш башталат. 62 килограммга чейинки салмак ченинде учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат.
Аялдар арасында алдын-ала раунддун беттештеринин башталышы Бишкек убактысы боюнча 16:00.
62 килограммга чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова румыниялык Крисца Тунде Инкзе менен кармашат.
Эскерте кетсек, Тынбекова 2019-жылы Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында алтын байге утуп, дүйнө чемпиону болгон.
Белгилей кетсек, жакында эле Бириккен Күрөш дүйнөсү уюштурган онлайн чемпионатта кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхында Айсулуу Тыныбекова эң мыкты балбан деп табылган. Онлайн таймашка дүйнөнүн мыкты делген 16 балбан кызы катышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/koldop-turaly-bgn-ajsuluu-tynybekova-djn-kubogunda-betteshke-chygat
Добавить комментарий ×