Колбасанын эч кимге айтылбаган зыяны

3 февраль 2022 13:39 3848 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Колбасаларды, сосискаларды кайра-кайра жегиңиз келген учурлар болобу? Анын сыры колбасанын курамына кошула турган ар кандай кошулмаларда экенин америкалык окумуштуулар далилдешти. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Ошондой эле колбасага керектеле турган нитрит тузунун адамдын ден соолугуна жана психикасына кандайча таасир тийгизе турганы изилденип жатат. Изилдөө маалында колбаса адамдын шизофренияга кабылгандай белгилерин пайда кыла турганын дагы белгилешти.

Окумуштуулар муну нитрит тузунун ичегинин микрофлорасын өзгөртүшүнөн улам келип чыгышын болжолдошууда.     

Мындан тышкары колбаса жана сосикалар психиканы өзгөртүп, маанайды убактылуу көтөрүү, эйфория жана уйкусуздук алып келери далилденди. Бул эки ачылыш тең Molecular Psychiatry журналына жарык көрдү.

Джонс Хопкинс университетинин окумуштуулары 1000ден ашык адамга изилдөө жүргүзүп алардан гиперактивдуүлуктү, уйкусуздукту байкашкан. Мындай абалга курамына натрий нитрити кошула турган колбасаны, беконду жана эт азыктаын үч эсе көп жегендер кабылышкан.

Нитрит тузу этти туздоодо жана колбаса менен сосика өндүрүшүндө колдонулат.Ал этти туздаш гана эмес даамы оңолуш үчүн да кошулат. Нитрит эт азыктарын сактоонун мөөнөтүн узартат. Нитрит менен туздалган эт кызгылт же кызыл түсүн сактап турат, бул нитриттин миоглобинди байланыштарганынан улам келип чыгат.

Нитрит кадимки тузга караганда эң мыкты консервант болуп саналат. Анын кооптуу конверват экенин  акыркы изилдөөлөр далилдеп жатат. Нитритти кошкондо этти чиритүүчү бактериялар өнүкпөй калат.

Нитрит натрийди дайыма колдонуу ашказандын рак оорусуна алып келет.Бирок аны кошпой коюга да мүмкун эмес антпегенде эт муздак турса да бир нече саатан кийин бузула баштайт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму колбасаларды, сосискаларды жана башка эттен жасалган жарым фабрикаттарды ден соолук үчүн зыяндуу азык деп тааныды жана кайра иштетилген эттин өлчөмүн суткада 50 граммдан ашырбоону эскертти. Эң эле башкысы колбаса бул көп даражада аргессивдүү кайра иштетүүдөн өткөрүлгөн азык. Ошондуктан аны колдонуудан мурда ден соолук тууралуу ойлонуңуз!

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kolbasanyn-ech-kimge-ajtylbagan-zyyany



Добавить комментарий