Кокустан өзүнө карата ок чыгарып алган 15 жаштагы өспүрүм каза болду

15 декабрь 2020 16:34 1367 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кокустан өзүн мылтык менен атып алган өспүрүм каза болду. Бул тууралуу 15-декабрда “Барометрге”  Чүй ОИИБ билдирди.

Кырсык 13-декабрь күнү эртең менен саат тогуз жарымдар чамасында Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында болгон. 15 жаштагы бала гараждан мылтык алып, кокустан өзүн-өзү атып алган. Ал дароо ооруканага жеткирилген. Бирок, өспүрүм эки күндөн бери комада жаткан.

“Тергөө иштеринин жүрүшүндө баланын атасы сурак берген. Анда окуя орун алардан 2 күн мурда өспүрүм куралды жайыттан таап келгенин, атасы өз кезегинде патрондорду алып, ок атуучу куралды гаражга катып койгонун билдирген. Учурда окуянын бардык жагдайлары тергелип, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле экспертизалар дагы дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kokustan-zn-karata-ok-chygaryp-algan-15-zhashtagy-sprm-kaza-boldu



Добавить комментарий