Кой-Таштагы окуяга айыпталган Равшан Жээнбековду камакка алуу чечими чыкты

15 август 2019 12:20 6025 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саясатчы Равшан Жээнбековго козголгон кылмыш ишинде ага мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровду жактоочу болот.

Бул тууралуу Равшан Жээнбеков өзүнүн facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, ИИМдин башкы тергөө кызматы ага барымтага алуу боюнча айыбын угузуп, жактоочу чакыртууну талап кылган.

Мага барымтага алуу беренесин коюшту. Менин жактоочум Азимбек Бекназаров болот. Мени колдогондорго ыраазычылык билдирем. Мыйзам алдында тазамын, муну ошол күнү ЖМКларда чагылдырылган материалдар далилдейтБүгүн төртүнчү жолу суракка келдим”, - деп жазат саясатчы.

Эске салсак, ал 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы Алмаз Атамбаевди кармоо операциясы маалында Равшан Жээнбеков аны коргоочулардын арасында болгон.

УКМКнын атайын аскерлери атамбаевяилердин колуна түшүп калганда Равшан Жээнбеков ИИМдин министринин ошол кездеги орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/koj-tashtagy-okuyaga-ajyptalgan-ravshan-zheenbekovgo-esk-bash-prokuror-beknazarov-advokat-bolot



Добавить комментарий