Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө жоокерлерге зомбулук көрсөткөн командирлер бир айга камакка алынды

16 август 2018 21:40 1357 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аскердик тартип бузууга барган Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктөгү командирлер бир айга камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.   

Белгилей кетсек, буга чейин Кой-Таш аскер бөлүгүндө жоокерлерге зомбулук көрсөтүүгө айыпталган 3 командир кармалган. Алар кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлөнүүдө. Эске салсак, Кой-Таш аскер бөлүгүнүн алты жоокери зомбулукка даттанып, кийин кысым алдында үчөө арыздарын артка чакырткан. Жабырлануучулардын айтымында, командирлер аларды көздөй ок атып, коркутчу. Мындан тышкары, жоокерлер ижарага кара жумушка берилип, акысын командирлер өздөрү алып турган.

Ссылка: https://barometr.kg/koj-tashtagy-asker-blgnd-zhookerlerge-zombuluk-krstkn-komandirler-bir-ajga-kamakka-alyndy



Добавить комментарий