Кочкордо жеңил автоунаалар жол четинде токтоп турган жүк ташуучу машинаны сүзгөн
Бөлүшүү:
Кочкор районунда 5-февралда саат 20:00 чамасында Жаңы-Жол айылындагы С.Орозбаков көчөсүндө Daewoo Nexia жана ВАЗ-2107 үлгүлөрүндөгү унаалары жолдун жээгинде токтоп турган ЗИЛ-130 оор жүк ташуучу унаасын сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМнүн маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыктын кесепетинен Daewoo Nexia унаасында 4 эркек адам, ВАЗ-2107 унаасында 2 эркек адам. ЗИЛ-130 унаасында 1 эркек адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан. Каза болгон адамдар жок
Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-zhol-kyrsygy-kattaldy
Добавить комментарий ×