Кочкордо мыйзамсыз балык кармап жана чыгарып бараткан жарандар кармалды (сүрөт)

13 октябрь 2020 18:08 679 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамэкотехинспекция тарабынан мыйзамсыз балык кармап, чыгарып кетип жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, тагыраак айтканда, 12-октябрда саат 17-30 чамасында Балыкчы- Кочкор жолунун Семиз-Бел участкасында “Хонда-Степ” автоунаанын айдоочу токтотулуп, 450-500 килограммды түзгөн 771 (жети жүз жетимиш бир) даана “Сиг-Лудога” балыктарын мыйзамсыз кармап жана чыгарылып бараткан жеринен кармалган. Азыркы учурда балык запастарына келтирилген зыяндын суммасы эсептелүүдө. Эскере кетсек, Кыргызстандын аймагында өзгөчө корголуучу эндемикалык “Сиг-Лудога” балыгын кармоого, сатууга жана ташууга мыйзам чегинде тыюу салынган.  

Бул факт боюча материалдар ички иштер бөлүмүнө жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Кочкор райондук органдарына өткөрүлүп берилди. Аталган мыйзам бузуу боюнча Кочкор РИИБ тарабынан КРнын “Жоруктар жөнүндө” кодексине ылайык КЖБРге катталган.

Аталган иш чаралар Мамэкотехинспекциясынын Жумгал жана Кочкор райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2020-жылдын 9-мартындагы № 40-18/15 “Мыйзамсыз балык кармоо, ташуу жана анчылыкка каршы бөгөт коюу максатында иш чара жүргүзүү жөнүндө” Буйруктун негизинде жана КРнын “Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо”, “Балыктар чарбасы жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлүп жатат

Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-myjzamsyz-balyk-karmap-zhana-chygarylyp-baratkan-zharandar-karmaldy-srt



Добавить комментарий