Кочкор-Чаек жолунда “BMW” үлгүсүндөгү унаа жол боюндагы даракты сүзүп, ичиндеги 4 адам унаада кыпчылып калган
Бөлүшүү:
Кочкор-Чаек жолунда “BMW” үлгүсүндөгү унаа жол боюндагы даракты сүзгөн. Кырсыктан 4 (эки аял жана эки эркек) адам унаанын ичинде кыпчылып, түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, окуя 13-ноябрь күнү саат 09:11де Кочкор-Чаек унаа жолунун 12-чакырымында болгон.
Куткаруучулар унаада кыпчылып калгандарды чыгарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, жакынкы аралыктагы ооруканага жеткирип беришкен.
Добавить комментарий ×