Күнүмдүк энергия тартуулаган азыктардын тизмеги

12 декабрь 2019 10:29 4032 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кээ бир тамак-аштар маанайды көтөрөт же түшүрөт, уйкусуратат же сергитет. Кээде энергия тартуулайт. Ал эми төмөндө күнүмдүк энергия тартуулоочу азыктар болуп эсептелет.

Алма

Алманын курамында бир топ витаминдер, кичи элементтер жана каротин бар. Алмадагы пектин заты организмден холестеринди жана катуу металлдардын тузун чыгарууга көмөк көрсөтөт. Андыктан күнүгө эртең менен алма жеп коюңуз.

Банан

Банан аритмия, атеросклероз жана жүрөк-кан тамыр ооруларында жардам берет жана организмде эндорфин гормондорун иштеп чыгууга түрткү болот. Ал эми бул гормондор медицинада "бактылуулуктун гормону" деп аталат. Күнүнө 1-2 даана банан кабыл алуу менен энергияңызга энергия кошосуз.

Ананас

Курамындагы калий тузунун жогорку кошундусу энергия тартуулоодон сырткары организмди ашыкча салмактан жана суюктуктан арылтат. Ананастын курамындагы пектин заты ичегилердин жакшы иштешине түрткү болсо, бромелайн заты тамакты сиңирүүгө, канды тазалоого жана иммунитетти чыңдоого жардам берет.

Болгар калемпири

Кызыл болгар калемпири А жана С витаминине бай жана курамындагы ликопин заты рак оорусунун алдын алат. Күнүнө 3 даана кызыл болгар калемпирин жеп турууну сунушташат. Аны бадыраң, сыр жана буурчак менен аралаштырып жеңил салат кылса, жегиликтүү болот.

Кара шоколад

Кара шоколад – күнүмдүк энергияңызга энергия кошуучу азык жана анын курамында какаонун өлчөмү жогору болгондуктан, маанайды көтөрүүчү көптөгөн кичи элементтердин эң жакшы булагы болуп саналат. Бирок көп колдонуу маанайды көтөрүү менен бирге салмак кошууга да таасир берет. Андыктан күнүнө 57 граммдан ашык колдонбо керек.

Булардан сырткары күч-кубат берүүчү азыктардын катарына бадыраң, мөмө-жемиштердин кактары, ачытылып, туздалган капуста, сельдерей жана башка азыктар да кирет

Ссылка: https://barometr.kg/knmdk-energiya-tartuulagan-azyktardy-kabyl-alyyz



Добавить комментарий