Күн менен иштеген электр энергиясын чыгаруучу долбоор ишке ашканы жатат

16 июль 2018 21:10 1543 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети азыркы учурда Азия өнүктүрүү банкы менен биргиликте Кыргыз Республикасынын энергиянын кайра жаралуучу жана энергия үнөмдөө чөйрөсүндө заманбап технологияларды ишке киргизүү долбоорун ишке ашырып жатат. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда кубаттулугу 300 Вт болгон көз карандысыз электр менен камсыздоочу комплектилер жана тиричилик техникалары (күн нурун электр энергиясына айланткан батареялар, сыналгы, муздаткыч/тоңдургуч жанаLED лампалары/чырактары) орнотулууда.

Белгилеп кетүүчү нерсе, талдоо жана пикир бөлүшүүлөрдүн негизинде, бул жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганынэске алуу менен, комитет Нарын облусунун Жумгал районунун Кен-Суу жана бир нече башка айылдарды электрлештирүү тизмегине сунуш кылды.

Тоолуу аймактардын татаал рельефи жана жолдордун жоктугу айылдарды электрлештирүүгө тоскоолдук жаратты.

Азыркы  учурда, комитет, “Улуттук холдинг компаниясы” ААКжана Азия өнүктүрүү банкынын консультанттары менен биргеликте Нарын облусунун Жумгал районуну Кен-Суу айылында жогоруда айтылган комплектилердин 15 бирдиги орнотулган.

Эгерде бул доолбор ийигиликтүү ишке ашырылса, Комитет Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте мындай көз карандысыз электр энергиясы менен камсыз кылуу түзүлүштөрүн өлкөнүн баардык электр энергияга туташпаган аймактарына орнотуу маселеси талкууланат.

Ссылка: https://barometr.kg/kn-menen-ishtegen-elektr-energiyasyn-chygaruuchu-dolboor-ishke-ashkany-zhatat



Добавить комментарий