Өкмөт Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар деген маалыматка жооп берди

25 март 2019 15:49 1181 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган, ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат жалган болуп саналарын жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ экендигин эскертет. Бул тууралуу билдирүү бүгүн, 25-мартта өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтар Жеңиш Разаковдун инсандык аброюна жана вице-премьер-министр кызматтык ишмердигине шек келтирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомчулукта буга чейин бир канча ирет жайылтылган.

Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып өттү, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштеген.

Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес. Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтын эч кандай негизи жок жана коомчулукту адаштырууда.

Муну менен бирге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтылган билдирүү боюнча текшерүү жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өз баасын берет.

20-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуя боюнча маалымат угуп жатканда вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду тажик маалымат булактары аны "кошуна мамлекеттин агенти" деп жазып жатканы айтылган. Бирок, депутаттар узакка созулган талаш-тартыштан кийин Жогорку Кеӊештин 3-апрель күнү өтө турган кезектеги жыйынында Өкмөттүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында 2019-жылдын 13-март күнү Баткен облусунун Ак-Сай айылында болуп өткөн чек ара окуясы жөнүндө маалыматы премьер-министрдин катышуусунда угуу чечимине келишкен.

Ошондой эле бүгүн, 25-мартта айрым маалымат булактары УКМК жогоруда айтылып жаткан маалымат боюнча иликтөө жүргүзө турганын жазышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-razakovdun-tazhik-chalgyndoosuna-tieshesi-bar-degen-maalymatka-zhoop-berdi



Добавить комментарий