Өкмөт мугалимдерди колдоо боюнча чараларды күчөтөт

13 март 2020 18:25 548 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт мектептеги билим берүүнү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу менен катар эле мугалимдерди колдоо боюнча чараларды күчөтөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна иш сапар менен барган учурда билдирди.

Абылгазиев Аламүдүн районун Таш-Дөбө айылындагы Бейшеналиева атындагы орто мектепке барганда билим берүү мекемесинин жетекчилиги эски терезелерди алмаштырып берүүнү, ошондой эле жаңы спорт зал куруп берүүнү өтүндү. Кара-Жыгач айылындагы 1967-жылы курулган Табалдинов атындагы орто мектеп капиталдык оңдоп-түздөөгө муктаж жана анын спорттук, жыйындар залын куруу керек.

«Учурда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төрттөн бир бөлүгү билим берүүгө багытталат. Республиканын бардык аймактарында мектептер курулууда. Биз билим берүү чөйрөсүнө мындан ары да өзгөчө маани беребиз. Бул жерде мугалимдердин айлыгын жогорулатуу, билим берүү тутумун жакшыртуу жана жаңы мектерди куруу жөнүндө сөз болууда», - деди ал.

Абылгазиев ошондой эле окутуучулук курам менен маектешип, мектептерде билим берүүнүн сапатын жакшыртууга көңүл бурдурду.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-mugalimderdi-koldoo-boyuncha-charalardy-kchtt



Добавить комментарий