Өкмөт ишкерлерди текшерүүгө болгон мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылга чейин узартты

4 декабрь 2020 10:59 681 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт тарабынан ишкерлерди текшерүү мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө карата мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

 Мораторийдин мөөнөтүн узартуу коронавирустун жайылуу шартында ишкердик субъектилерине кошумча стимул берүүгө багытталган.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-ishkerlerdi-teksher-moratorijdin-mntn-uzartty



Добавить комментарий