Өкмөт башчы айыл чарбасындагы артыкчылыктуу багыттарды айтты

19 февраль 2020 15:32 578 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кластерлерди өнүктүрүү үчүн күчүбуздү бириктирүү менен биз аймактардын өнүгүшүнө түрткү беребиз. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономиканын түрдүү тармактарындагы кластерлерди өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушкан учурда билдирди.  

«Айыл чарбасы жана кайра иштетүү артыкчылыктуу багыттардан болуп саналары талашсыз. Бул эт жана эт азыктары, сүт жана сүт азыктары, балык чарбалары, аарычылык, интенсивдүү багбанчылык өндүрүшү. Жеңил өнөр жай тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү болгон тигүү кластерин өнүктүрүү милдети турат. Туристтик кластерди өнүктүрүү менен биз утуш алабыз, анткени биздин өлкө сырдуулугу менен туристтердин кызыгуусун арттырат. Анан да дарыялар жана тоолор көп болгондуктан, чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү жөнүндө көптөн бери айтып келе жатабыз. Бул бардык мүмкүнчүлүктөрдүн толук тизмеси эмес, түзүлгөн Координациялык кеңеш ушунун үстүндө иштеш керек»,- деди өкмөт башчы.   

Премьер-министр кластердик мамилени өнүктүрүү үчүн экономикада каржылык институттар менен бийлик биригүүдө, бул ишкерликти колдоо үчүн маанилүү аспектилердин бири болуп саналарын айтты.

«Өкмөт бизнести колдоону күчөтүүнү мындан ары да уланта бермекчи. Мисалы, жакында эле кошумча нарк чынжырчасын жана албетте, бүгүн айтылып жаткан тема -  айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталган «Айыл чарбасын каржылоо – 8» программасы ишке киргизилди», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жолугушууда тараптар бирлешкен эксперттик, маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк жөнүндө, ошондой эле кластердик мамиленин негизинде долбоорлорду өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын натыйжаларын мындан ары да колдонуу жөнүндө келишимдин алкагындагы Меморандумга кол коюшту.

Премьер-министр алдыда турган биргелешкен иштерди белгилөө менен, жолугушуунун бардык катышуучуларын конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган жигердүү позицияны ээлөөгө чакырды.

Маалымат үчүн: 

Кыргызстандын экономикасында кластерлерди өнүктүрүү боюнча координациялык кеңешке Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, КР Экономика министрлиги, КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана суу чарба министрлиги, "Кепилдик Фонд" жана "BT Инновэйшнс»", "РСК Банк" ААК жана "Айыл Банк" ААК кирди.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-biznesti-koldoonu-kchtn-myndan-ary-da-ulanta-bermekchi



Добавить комментарий