Өкмөт башчы эмнеге чоң уятка калабыз деди?

14 март 2019 15:26 927 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

“Атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдогон эч бир саясат жүрбөсө, анда биз абдан чоң уятка калабыз”,-деп айтты өкмөттө  Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы ишинин негизги багыттары талкууланып жаткан учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Быйыл өзгөчө мамиле мамлекеттик сатып алуулар саясатына болушу керек. Биз азыр жоболордун баарын иштеп чыктык. Бул сөз оңой сөз эмес. Эртең жыйынтыгына келгенде атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдогон эч бир саясат жүрбөсө, анда биз абдан чоң уятка калабыз. 1 млрд доллардык сатып алуу болот экен, ал эми өзүбүздүн миллиард долларды кошуналардын чет жактан келген товарларына берип жатабыз. 500 миллионун бизге бурсак, ошондон мисалы, 50 миллионунан салык алсак, айлыгыбызды көбөйткөнгө, социалдык маселелерди чечкенге жарайт да. Канчалары бизде жумушчу орундардан айлык алышат, өздөрүнүн жанын багышат. Бул боюнча дагы абдан чоң маселе, сатып алуулар боюнча министрлер өздөрү болушу керек. Кээ бири тендердик комиссиянын жетекчиси болгон эмесмин, мен жооп бербейм дегендер бар. Андай болбойт. Мен дагы министр болуп иштеп жүрдүм. Бир дагы тендер министрдин макулдугу жок өтпөйт”,-деп белгиледи Абылгазиев.

Эскерте кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрүп, 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктарды белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/kmt-bashchy-emnege-cho-uyatka-kalabyz-dedi



Добавить комментарий