Талас облустунун губернатору кызматынан бошотулду
Бөлүшүү:
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Айбек Бузурманкулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Эске сала кетсек, Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына 2020-жылдын октябрь айында дайындалган.
Добавить комментарий ×