ӨКМ гумжардамдар кандай таратылып жатканы тууралуу маалымат берди
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткенде тажиктердин куралдуу кол салуусунан жабыркагандарга эл тарабынан чогулган гумжардамдар тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 131 159 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4412 жаран эвакуациялык пунктарда, 5590 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.
"Баткен облусуна жалпы 1131 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 166 тонна КР ӨКМ тарабынан, 792 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 172 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө", -деп айтылат маалыматта.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 184 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда. Алар:
- Ош облусунда – 44;
- Жалал-Абад облусунда– 13;
- Нарын облусунда – 6;
- Ысык-Көл облусунда – 64;
- Талас облусунда – 43;
- Чүй облусунда – 12;
- Ош шаарында –1;
- Бишкек шаарында – 1.
Ссылка: https://barometr.kg/km-uchurda-kampada-172-tonna-gumanitardyk-zhardam-turat
Добавить комментарий ×