ӨКМ эскертип жаткан катуу шамал Токмоктогу үйлөрдүн чатырларын учуруп, бир автоунааны бак басып калган
Бөлүшүү:
ӨКМ эскертип жаткан катуу шамал Токмок шаарында бир топ чыгымдарды алып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Тактап айтканда шаар боюнча жалпы турак үйлөрдүн 760 чарчы метр темир туникеси жана 121 даана шифери коңторулган. 16 метр жыгач устуну жана 80 метр рейкасы сынган. Ошондой эле, Зеленый көчөсүнүн №260 дарегинде Mercedes үлгүсүндөгү авто унаанын үстүнө бак кулаган. Андан сырткары, Фурманов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырына бак кулап, үйдүн чатырын толугу менен басып калган жана төрт бөлмөлүү үйдүн бир бөлмөсүнүн шыбы урап калган.
Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, катуу шамалдан кырсыктагандар же жаракат алгандар катталган жок.
Добавить комментарий ×