ӨКМ эмне үчүн жанын кыйган жигитке батут төшөбөгөнүн жооп кылды
“Куткара турган жаран бизге куткаруу иштерин жүргүзгөнгө мүмкүндүк бербеди, ал суицидге катуу чечим кабыл алган”. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо башкы башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
“Биз ага жардам бергенге бардык, бирок ал жанына кызматкерлерди жолоткон жок. Атайын тенттер бар, бирок инструкция боюнча аны 8 метр жерден жогору турган имаратка колдонууга болбойт. Буга техникалык нормалар боюнча тыюу салынган. Биз аны альпинисттик жабдуу менен алып түшмөкпүз. Бирок ал писхологиялык планда жабыркагандыктан бизди жанына жолотподу.
Социалдык тармактагы адамдар батут койсок болмок деп жатышат. Бирок ал мынчалык бийиктиктен, мындай ылдамдыкта боюн таштагандан аман калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде тор тосмолор болууга тийиш болчу. Ар кандай нюастар болуп кетиши мүмкүн эле. Эгер биз ага жакындасак, ал секирип кетмек анда анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Алты куткаруучу, психологдор жана анын жакындары болду.Ал ошондой эле атасы менен телефондон сүйлөштү.Тилекке каршы, жигитти куткарып кала албадык”,-деди Жолдошбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/km-emne-chn-zhanyn-kyjgan-zhigitke-batut-tshbgnn-zhoop-kyldy
Добавить комментарий ×