Көк бөрү: Тай казандагы улакты тээп чыгарган аргымак көпчүлүктү таң калтырды. Видео

30 август 2018 14:05 8115 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүктун 27 жылдыгына карата   көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтүп жатат. Финалга  Таластын "Бакубат Талас" менен Ысык-Көлдүн "Толкун" командасы суурулуп чыгып президенттин кубогу үчүн күч сынашмай болду. Кечээки тайпалык оюндарда "Бакубат Талас" жана "Алыкул" командалары кез келди.

Беттештин жүрүшүндө  "Бакубат Таластын" оюнчусу Астаркул Табышов чабуулга чыгып, катуу ылдамдык менен барып улакты тай казанга ыргытканга жетишти. Бирок ошол эле маалда артынан кууп келген атаандашы Алмаз Жапаев "Бөлтүрүк" аттуу аргымагы менен тайказандан секирип өтүп улакты тээп чыгарып салган. Бул көрүүчүлөрдүн катуу сүрөөнүнө ээ болуп таң калтырды.  Мындан улам салым эсептелген жок. Анткен менен "Бакубат Талас" 6:0 эсеби менен жеңишке жетишти. Эми финалдык беттеш 30-августта өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kk-br-taj-kazandagy-ulakty-teep-chygargan-argymak-kpchlkt-ta-kaltyrdy



Добавить комментарий