Күйөөсү аялын бычактап өлтүргөн. Сот жеңилдетилген мөөнөттө 12 жылга кести

25 январь 2019 12:54 1489 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Таласта аялын бычактап өлтүргөн адам 12 жылга кесилди. Бул тууралуу Талас облусттук сотунун чечиминде жарыяланды.

Окуя кандайча болгон?

2018-жылдын 23-сентябрында мас абалында күйөөсү Бишкектен келип, 1993-жылы туулган аялы Жылдыз менен чыр-чатакка барган. Ал учурда Жылдыз Таластагы батирлердин биринде уч баласы менен жашап жаткан. Чырдан улам бычак алып чыгып, аялын сайып салган. Алган жаракатынан эсине келбей жатып, аялы ошол жерден жан берген. 1984-жылы туулган күйөөсү Нурбек окуя болгон жерден ишин жашырып качып кеткен. 

Соттолуучу кылган кылмышын толугу менен моюнуна алып, Талас шаардык соту чыгарган - 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда жаза өтөө тууралуу өкүмдү жеңилдетип берүүсүн жана учурда жашы жете элек 3 баласы балдар үйүндө тарбияланып жаткандыгына байланыштуу алар 14 жашка чыккандан кийин жаза өтөөгө уруксат берүүсүн облустук соттон суранган.

Ал эми каза болгон келиндин апасы окуя болгон күнү кызы менен сүйлөшкөнүн, күйөөсү ур-токмокко алып жатканын айтып кызы үйгө келишин суранган. Дароо эле угуп, 15 мүнөттөн кийин кызынын үйүнө келсе, милиционер кызматкерлери тегеректеп жүргөндөрүн көрүшкөн. Кызы болсо кан аралаш жерде өлүп жаткан. Ушундай окуядан кийин дагы кыздын энеси күйөө баласынын мөөнөтүн азайтууга каршы эместигин билдирген.

Жыйынтыгында облустук сот, тараптардын пикирлерин угуп жана иштин материалдары менен таанышып чыгып шаардык сот чыгарган өкүм күчүндө калтырылды. Айыпталуучу 12 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөй турганы белгиленди. 

Учурда алардын балдары балдар үйүндө тарбияланып жатат.

 


Ссылка: https://barometr.kg/kjs-ayalyn-bychaktap-ltrgn-sot-zheildetilgen-mntt-12-zhylga-kesti



Добавить комментарий