Күйүп кеткен сөөктү асып коюшкан. Абактагы оор кылмыштын бети ачылды

14 сентябрь 2021 13:12 1505 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милиция Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинде болгон кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Күйүп калган адамдын асылып турган сөөгү 2019-жылы 1-декабрда түрмөнүн устаканасында табылган болчу. Ал 1996-жылы туулган У.у.Э экени белгилүү болгон.

Иликтөөгө ИИМдин криминалдык милиция кызматынын 3 ыкчам иликтөөчүсү киришкен. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен милициялар адам өлтүргөн жаран 1994-жылы туулган Ж.у.Т. экенин аныкташты.

Ал Чүй областында туулган, 2017-жылы уурулук, тоноо, унаага мыйзамсыз ээ болуп алуу кылмыштары боюнча соттолгон.Шектүү “общактардын” катарына кире турганын ИИМден белгилешти. Ал жолугушуу бөлмөсүндө “смотрящий” статусуна ээ болгон экен.Мындан тышкары ал ИИМдин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турган.

Ошондой эле шектүү дагы бир кылмышты жасаганы белгилүү болууда.Учурда бул иш боюнча тергөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kjp-ketken-skt-asyp-koyushkanabaktagy-oor-kylmyshtyn-beti-achyldy



Добавить комментарий