Киши өлтүргөндүгү үчүн он үч жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалды

19 ноябрь 2020 17:20 1477 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Киши өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран ИИМдин  Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 ИИМдин  Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү  өз мекенинде кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жана Россиянын аймагында жашынып жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча  иштери улантылууда.

КР ИИМдин  Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргызстандын ички иштер органдары  издөөгө алган жаран Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөндүгүн аныкташты. Жалал-Абад облусунун тургуну, 1988-жылы туулган С.Т. аттуу жаран киши өлтүргөндүгү үчүн он үч жылдан бери издөөдө жүргөн.

2007-жылдын 9-октябрында Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө белгисиз адамдар ээнбаштык ниетинен улам жергиликтүү тургун С.А.ны сабап, денесине оор залал келтиришкен. Натыйжада жабырлануучунун  саламаттыгына оор зыян келтирилип, окуя болгон жерде көз жумган.

Бул факт боюнча 2007-жылдын октябрь айында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголгон (1997-жылы редакцияланган). Шектүү катары эсептелген 1988-жылы туулган жаран С.Т. карата  2008-жылы   мамлекеттер аралык издөө  жарыяланган.

КР ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жана Россиянын ИИМин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин издөөдө жүргөн шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоого багытталган бирдиктүү иши 2020-жылдын октябрь айынын башынан бери жүргүзүлүп келген.

2020-жылдын 17-ноябрында болжол менен саат 21:00 чамасында Россиянын ИИМнин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Зеленоград административдик району боюнча ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Москва шаарында изделип жаткан жаран С.Т. кармалды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жаран он үч жыл жакын туугандарынын жанында жашап жүргөндүгү белгилүү болду.

Азыркы учурда издөөгө алган тарап кабарланып, изделип жаткан 1988-жылы туулган жаран С.Т. Москва шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Компетенттүү органдар тарабынан 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/kishi-ltrgndg-chn-ch-zhyldan-beri-izdd-zhrgn-zharan-orusiyadan-karmaldy



Добавить комментарий