Киргшелк айылынан кыз ала качууга шектелип төрт жигит кармалды

21 октябрь 2021 15:35 1821 Barometr
Бөлүшүү:
ok

19-октябрь күнү болжол менен саат 11:28 чамаларында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Киргшелк айылынан 2003-жылы туулган кызды белгисиз бирөөлөр алып качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдиет.

Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кыз Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине алып барылгандыгы такталып, кыз ала качууга шектелип, 1998-жылы туулган С.А., 1991-жылы туулган Т.М., 1999-жылы туулган Т.К. жана С.М. аттуу жигиттер кармалышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын 17-октябрь күнү жогорудагы кыз курбу кызынын үлпөт тоюнда ала качкан жигиттердин бири менен таанышып калган. Кийин ал бала кыздын макулдугу жок  алып качып кеткени маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кыз ата-энесине кайтарылып берилген ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kirgshelk-ajylynan-kyz-ala-kachuuga-shektelip-trt-zhigit-karmaldy



Добавить комментарий