Киевде жолборстун татуировкасы чегилген кыргызстандык чалгынчы офицердин унаасын жардырды

4 апрель 2019 20:56 11456 Barometr
Бөлүшүү:
ok

4-апрель күнү Украинанынын Киев шаарынын Голосеев районундагы  Вильямс көчөсүнүн супер маркетинин унаа токтоочу жайында жарылуу болду. 

Полиция алдын ала берген маалыматтарга таянсак, эркек киши унаага жарылуучу зат коюп бирок качып кетүүгө үлгүрбөй калган.Анткени жарылуу мөөнөтүнөн мурда ишке ашкан.

Оор абалдагы эркек ооруканага жеткирилди. Полиция   “атайлап киши өлтүрүү” беренеси боюнча ишти иликтей баштады.

Facebook социалдык баракчасына Радикалдуу партиядан Жогорку Раданын депутаты Игорь Мосийчук кармалган адам Кыргызстандын жараны экенин, жарылуудан анын колу жулунуп кеткенин жазды.

Анын айтымында жарылган унаа Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын офицерине таандык. 

 Донбасстагы согуштук аракеттерге катышкан украиналык чалгынчыны жардырууга аракет кылган диверсанттын татуривкасы көрсөтүлгөн сүрөтүн кеңешчи Ярослав Антоняк жарыялады.

 “Буга чейин Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Максим Шаповалды жардырышкан. Мындай адамдын украиналык чалгынчыны жардырууга аракет кылганы кызык. Жолборс –ягуар, күн-маори. Бирок көзөмөлгө алынбаган жардыруулар болот жана жардыруучулар өздөрү колдорунан айрылган учурлар да бар”,-деп жазды ал Facebookка

Жолборстун сүрөтү өзүнүн устаты үчүн  кек алып өлтүрүүгө даяр болгон адамдардын денесине чегилет. Күн-маори-Полинезиянын жашоочуларынын татуировкасы, ал түбөлүктүүлүк жана жашоонун символу болуп  саналат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kievde-zholdorstun-tatuirovkasy-chegilgen-kyrgyzstandyk-chalgynchy-oficerdin-unaasyn-zhardyrdy



Добавить комментарий