Киевде троллейбус кырсыкка учурап экиге бөлүнүп калды

5 сентябрь 2018 14:45 1429 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 4-сентябрда Киев шаарында троллейбус кырсыкка учурап, экиге бөлүнүп калды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалымдалгандай, кырсык Маяковский 28 көчөсүндө катталган. Троллейбус багыт алган жерине жете албай, орто жолдон кырсыкка учураган. Анда так ортосунан экиге бөлүнүп, “аккордеон” сымал абалга келип калган.

Ал эми учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып, андан жабыр тарткандар бар же жок экендиги такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kievde-trollejbus-kyrsykka-uchurap-ekige-blnp-kaldy



Добавить комментарий