Kenzo брендинин негиздөөчүсү коронавирустун айынан каза болду

5 октябрь 2020 11:02 648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү япон дизайнери жана Kenzo брендинин негиздөөчүсү Кензо Такада 81 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу япон басылмалары жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Бегилүү болгондой, дизайнер Франциядагы ооруканада көз жумган. Өлүмдүн себеби коронавирус болгон.

Кензо Такада Киото шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө беш  бир туугандын эң кичүүсү болгон. 1958-жылы болочок дизайнер Токиодогу эң кадырлуу мода мектептеринин бири деп эсептелген Бунка колледжинде окуй баштаган. Андан кийин Парижге барып, мода жаатында тааныштарды тапкан. Анын биринчи кийим коллекциясы 1970-жылы чыккан. Андан кийин анын көрсөтүлүшү элдин кызыгуусун арттырып, ажиотаж жараткан. ELLE мода журналы дал ошол Kendzo шоусунун көргөзмөсүн жарыялагандан кийин, Кензо Такаданын мода дүйнөсүндөгү карьерасы тез эле көтөрүлгөн. 1971-жылы ал өзүнүн коллекциясын Нью-Йоркто жана Японияда көргөзөт. 1972-жылы анын моделдеринин демонстрациясынын айланасындагы толкундануу ушунчалык күчтүү болгондуктан, Кензо аны үзгүлтүккө учуратууга аргасыз болгон. Ошол эле жылы, дизайнер Япониянын Fashion Editor Club сыйлыгын алат.

Буга чейин Нью-Йорктун логотипинин автору Милтон Глейзер АКШда туулган күнүндө көз жумганы белгилүү болгон. Графикалык дизайнердин өлүмүнө инсульт себеп болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/kenzo-brendinin-negizdchs-koronavirustun-ajynan-kaza-boldu



Добавить комментарий