Кенже Дүйшеева кыздардан жаңы топ түзүп жатат: "Топтун атын жолдошума гана айткам"
Кенже Дүйшеева тууралуу билген, анын ырларын сүйүп уккан адамдар миңдеп саналат. Ырчы бир топ убакыттан бери ырдап гана тим болбостон "Жебе" балдар тобун түзүп, аларга продюссерлик кылып жигиттерге чыгармачылыктын чоң жолунда өз ордун табуусуна жардам берип келет. Үстүбүздөгү жылдын башында ырчы "Жебе" тобу менен түзүлгөн келишим соңуна чыккандыгын кабарлап бирок таланттуу жигит кыздарга кайрадан кастинг жарыялаган эле. Көпчүлүктү ырчы кыздар тобун түзөбү же жокпу деген суроо кызыктыра баштады. Бул суроолорго Barometr.kg сайты Кенже Дүйшеевадан жооп алды.
-"Жебе" тобу менен түзүлгөн келишим бүткөндөн бери көпчүлүк эми эмне болот деп түйшөлүп турган чагы десек болчудай. Эми топтун тагдыры кандай болот?
-Биз кастингди дагы деле өткөрүп жатабыз, анткени ал 1-2-3-тур болуп өтөт да. Мен келишим качан бүтөөрүн билген адам катары андан бир күн мурда деле топ түзүп койсом болот эле, бирок өзүм шашылып иштеген ырчы эмес болгондуктан баарын алдын ала ойлонуп, таланттууларын, татыктууларын тандайын деп жатам. "Катышам, ыр ырдайм" деген таланттар аябай көп болуп жатат. Азыркы учурда курамга 10 жигит тандалып алынды, бирок региондордон дагы катышууну каалагандар болгондуктан кастинг улантылууда. Айрымдар Россиядан атайын кастинг үчүн келип жатышат, биз аларга да шарт түзүп бердик.
-Кыздар арасында да кастинг өткөрүлүп жатыптыр, жакында 2 топ түзүлгөнү турабы же бул жолу кыздар менен балдарды аралаштырып топ түзөсүзбү?
-Кыздар арасында топ түзөйүн деген аракет менен кастинг өткөрүп жатам. Чынын айтканда бул 10 жылдан бери көпчүлүктүн менден күткөн, мага сунуштап келген суроосу, талабы деп түшүнөм. Анткени мага муну эл кечээ, бүгүн эле айтып жаткан жок да. Элдин мага ишеничи чоң экенин сезип турам, ошондуктан дагы ушул чечимди кабыл алдым десем болот.
-Кыздар арасында түзүлө турган топ менен канча убакытка контракт түзөсүз же көпкө чейин иштешейин деген пландарыңыз барбы?
-Мен кыздар арасында кастингди бүткөндөн кийин дагы ойлонушум керек болот. Балким 3 жылга балким 5 жылга контракт түзүшүм мүмкүн, кааласам ал группаны токтотуп да салышым мүмкүн, ошондуктан алдын ала эч нерсе дебей турганым жакшы го деп ойлойм. А бирок кандай болгон күндө да мен кыздар группасына караганда "Жебе" тобуна көбүрөөк басым жасайм, анткени "Жебе" бул менин чоң проектим десем болот. Аларга мына буюрса 8 жыл болуп жатат.
-Кыздардан түзүлө турган топту кандай атоону чечтиңиз, дегеле кыздар тобу тууралуу кененирээк айтсаңыз?
-"Кыздар тобунда канча кыз болот, алар кимдер болот, качан чыгат?" деген суроолорго азыр жооп бере албайм, анткени азырынча мунун баарын айтканга эрте. Баары даяр болгондо элге ачыктайбыз деген жакшы-тилектерибиз бар. Ал эми кыздардын тобун кандай атоо боюнча менде азыр бир вариант бар. Бирок аны азыр жолдошума гана айткам, башка эч ким билбейт. Менин чыгармачылыкта жүргөнүмө мына быйыл 25 жыл болот экен, ошончо убакыттан бери элдин үнүн угуп келе жатам, эл талап кылганды жасаганды жакшы көрөм. Мына ошондуктан да кыздарды да алып чыгууга бел байладым.
-Кастингдин катышуучуларына кандай талаптар жана чектөөлөр коюлууда?
-Талаптар албетте бар. Мурдагы биринчи кастингге караганда бул кастинг абдан катуу талаптар менен өткөрүлүп жатат. Балдардын музыкалык билимине жана улуттук, музыкалык аспаптарда ойной алгандарына маани берип, ошого басым жасап тандап алуудабыз. Мага "Жебе" мурунку курамындагы жигиттер жардам беришүүдө. 2-тур абдан кызык болуп өттү. Анткени Ош, Жалал-Абаддан да суроо талаптар болууда. Жакшы бир таланттардын чыгышына аракет кылуудамын. Ал эми кыздарга коюла турган негизги талап бул - тартип. Анткени өзүм катуу кармаганды жакшы көрөм десем болот. Кыз бала болобу, эркек бала болобу тартиби өз ордунда болгону жакшы эмеспи. Анткени чынын айтсам кыздар менен иштешүү чындыгында оор, мен үчүн кыздарда баарынан биринчи орунда алардын тартиби турат. Алардын ата-энеси менен сүйлөшүп жатам. Анан албетте бою, келбети, салмагы, үнүнө талаптар, чектөөлөр бар.
-Сын-пикирлер да айтылбай койбосо керек...
-Албетте, айтылат. Мен андай нерселерди билем, көрүп, угуп жүрөм. "Бышкан ашка сынчы көп" дегендей эми баары даяр болгондо да бир катасын табууга аракет жасагандар болот болушу керек. Бирок андай нерсеге жол бербөөгө аракет жумшайм. Балким кыздардан түзүлгөн топ дагы көпкө элге кызмат кылып калышы мүмкүн. Кудай буйруса деп турайын, мен 25 жылдык тажрыйбамды колдонуу менен жакшы ийгиликтерге жетүүгө аракет кылабыз.
-Кастинг учурунда кызыктуу окуялар да болуп турабы?
-Негизи кастинг аябай кызыктуу өтүп жатат, бирок кызыктуу окуя болду деп айтуу менимче туура эмес болуп калат, анткени жаш таланттар эмнени кандай кылыш керек экендигин билишпейт да. Андыктан ал жерде көбүрөөк олуттуу маселер болот десем болот. Албетте бирөөлөр айрым ырчыларды толук бойдон туурап ырдап коюшу мүмкүн, сүрдөп кетиши мүмкүн, адашып кетишкен учурлар болот. Алардын кемчиликтерин айткандан алысмын, ар бир адамга урмат-сый болушу керек.
-Кастингге жалпысынан канча адам катышты?
-Кечээ отуруп эсептесем жалпы балдар менен кыздарды кошкондо 170 талантты кабыл алыптырбыз. Бул оңой эмес. Кээде кастингден тышкары дагы кечигип калдык деп келгендер болууда, аларды чогултуп студиядан кабыл алып жатам. Айрым келе албагандар телефонго ырдап жаздырып да жиберип жатышат. Эгер ырдаганы жакса келип бизге жолугууга чакырып жатам, анткени алардын жакындан көрүү керек. Дагы кайсы жерде чакыруу көп болсо ошол жактарга барууга аракет кылуудамын.
-Маегиңизге чоң рахмат!
Добавить комментарий ×