"Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагынан жер бербеңиз". Ташиевдин Кара-Суу эли менен жолушуусу

19 апрель 2021 14:32 6052 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-апрель күнү Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын калкы менен жолугушуу өткөрүүдө.

Ташиевдин эл менен жолугушуусу Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде өтүүдө.

Айыл тургундары Ташиевге суу сактагычтын аймагынан өтүп жаткан чек ара тилкесин көрсөтүштү.

Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынан 50 гектар жерди Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун сактоо үчүн гана сураганын айтты.

“Өзбекстан суу сактагычты оңдоп, түзөө иштерин  жүргүзүүгө кызыктар эмес. Бул жерде коңшу мамлекет суу сактагычтын коопсуздугун сактоо үчүн 50 гектар жер сурады”, - деди Ташиев.

Жолугушууга келген эл, Кемпир-Абад суу сактагычынын ордуна бериле турган 1000 гектар жердин кереги жок экенин айтышып, суу сактагычтын аймагынан берилчү 50 гектар жер тууралуу келишимди кайтарып алууну талап кылышууда.

Эске сала кетсек, буга чейин, Камчыбек Ташиев 24-25-мартта Ташкенде өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушууларынын жыйынтыктарынан кийин Кемпир-Абад суу сактагычы жана ал боюнча кандай келишимдерге жетишилгендиги жөнүндө айтып берген.

Кемпир-Абад (Андижан) суу сактагычы Ош облусунун Өзгөн районунда, Өзбекстан менен чектеш жерде жайгашкан.

“Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы талаштуу маселе болуп, узак жылдан бери чечилбей келе жаткан Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өттү. Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашты.

Демаркация иштери аяктаганда Өзбекстан Кыргызстанга компенсация иретинде Анжиян облусунун ичинен 1000 гектар жер берет. Мындан тышкары, Шахрихансай каналынын жанынан 50 гектар жер Өзбекстанга калтырылып, өзбек тарап Кыргызстанга Өзгөн менен чектеш жерден 50 гектар жер бере турган болду.

Суу толгондо 5 737 гектарды ээлейт. Биз 900 горизонтал деп эсептегенде суунун аймагы кыскарды. 1 300 гектар Кыргызстанга өттү, 4 400 гектар суу астында калды. Өзбек тарап бизге 1973-жылы компенсация катары 4 100 гектарды берген. Демек, дагы 300 гектар бериши керек. Ошол 300 гектардын ордуна компенсация иретинде биз Өзгөн, Сузак райондоруна 1 000 гектар жер алдык. Кыргызстандыктар ал жерден суу алса, пайдаланса, балык кармаса болот. Өзбекстандын аскердик кароол кайыктары ал жерде жүрбөйт, суунун чекесине тосмо койбойт”, - деп айткан Ташиев.

Ссылка: https://barometr.kg/kempir-abad-suu-saktagychynan-berilgen-zherdi-kajryp-briiz-tashievdin-kara-suu-eli-menen-zholushuuda



Добавить комментарий