Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

7 август 2018 02:30 1423 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул туурасында ӨКМ билдирет. 

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 5-август күнү саат 18:30 чамасында  Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2005-жылы туулган  Б. уулу Д. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен. Баланы издөө иштери жүрүп, табылган эмес. Бүгүн 6-августта издөө улантылып, анын натыйжасында   15:25те  маркумдун жансыз денесин куткаруучулар суудан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришти. 

Ссылка: https://barometr.kg/kempir-abad-suu-saktagychyna-chgp-ketken-13-zhashtagy-sprmdn-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий