Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
Поделиться в:
Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул туурасында ӨКМ билдирет.
Эске сала кетсек, 2018-жылдын 5-август күнү саат 18:30 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2005-жылы туулган Б. уулу Д. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен. Баланы издөө иштери жүрүп, табылган эмес. Бүгүн 6-августта издөө улантылып, анын натыйжасында 15:25те маркумдун жансыз денесин куткаруучулар суудан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришти.
Добавить комментарий ×