Кеминдин жаштары Ак үйдөгү куралдарды элге талатпай беш күн кайтарып, сактап калышты

12 октябрь 2020 11:00 4064 Barometr
Бөлүшүү:
ok

6-октябрда башаламандык учурунда Ак үйдөгү курал-жарак сакталган бөлмөнү Кемин районунун жаштары кайтарышкан. Алар беш күн боюу эч кимди киргизбей, курал-жарактарды толугу менен сактап калышты. Бул тууралуу Кемин шаардык кеңешинин төрагасы Кубат Мамыров "Барометрге" билдирди.

Белгилүү болгондой, 6-октябрда Ак үйдү басып алган митингчилердин айрымдары курал-жарак сакталган бөлмөнүн эшигин бузуп кирүүгө аракет кылышкан. Бирок, Кеминдин демилгечи жаштары курал-жарактын элдин колуна таркап кетишинин алдын алып, бир канча күн кайтарып турушкан. Бул демилгенин башында Кемин шаардык кеӊешинин төрагасы Кубат Мамыров туруп, ал өзү да ыктыярчы жаштар менен биргеликте кароолго турган.

«Биз Ак үйдү талкалабагыла, эч нерсесине тийбегиле деп, ар бирине айтып жаттык. Бирок, андай кымгуут маалда биринин сөзүн бири укпай калат экен. Ошол маалда биз эмнегедир бир бөлмөнүн эшигин белгисиз жаш балдар талкалап жатканын көрүп токтотуп калдык. Көрсө ал бөлмөдө бир жүк ташуучу унаага толо турган курал-жарак бар экен. Биз талкалап жаткан жаш балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кайтарууну колго алдык. Ошентип 5 күн бою кайтарып, кечээ гана тиешелүү органдарга тапшырып бердик. Ошол 5 күндүн ичинде бирөөлөр келип 50 миӊ доллар сунуштап, «балдарды алып кет, курал-жаракты бизге бер» дегендер болду. Анан дагы айрым партиялардын өкүлдөрү, кандайдыр бир күчтөр да келип, бизди коркуткан сыяктуу сөздөрүн айтып, ар кандай айла-амал менен куралдарга ээ болууну көздөштү. Биз бирин дагы жакын жолоткон жокпуз. Элдин арасында мас абалындагы кишилер да жүрдү. Эми элестетиӊиз, эгер курал элге тарап кеткенде эмне болмок?», - деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kemindin-zhashtary-ak-jdg-kuraldardy-elge-talatpaj-besh-kn-kajtaryp-saktap-kalyshty



Добавить комментарий