Кеминде жылкыларга тиш салып иштеген Мухтар таанымал болууда
Чүй областынын Кемин районуна караштуу Чоң Кемин айылынынын Мухтар аттуу тургуну жылкылар үчүн стоматологиялык тейлөө ишин колго алды. Бул тууралуу куудул Борончу Кудайбергенов социалдык баракчасына жарыялаган видеосуна шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.
“Жылкылар дагы тиштеринен ажыраганда тамак жей албай кыйналышат. Азыр илим-техниканын заманы. Жылкынын тишине атайын аспаптарды ылайктап жасадык. Бул жерде аттын тиштерин өгөөлөй турган бор-машинкабыз да бар.Тиешелүү аспаптар менен жылкынын тиштерин жулуп, дарылап, керек болсо “голивудская улыбка” дагы кылып коебуз”, - дейт Мухтар.
Видеодон жылкылардын “стоматологунун” иш бөлмөсү жана жылкынын тиштерин кантип дарылап жатканын көрүүгө болот.
Ссылка: https://barometr.kg/kemin-rajonunda-zhylkylarga-tish-salyp-ishtegen-muhtar-sensanciya-boluuda
Добавить комментарий ×