Келерки жылы кыргызстандыктар кээ бир ѳлкѳлѳргѳ виза алууга Нур-Султанга барышат

13 ноябрь 2019 17:29 2529 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандагы Германиянын элчилиги жаңы жылдан баштап Испаниянын, Италиянын жана Австриянын виза маселелери боюнча өкүлчүлүгү катары ишмердүүлүгүн токтоторун маалымдады. Элчиликтин маалыматына караганда, бул жобо бардык сапарларга жана паспорттун бардык түрүнө (дипломатиялык дагы) тиешелүү.  Мындан кийин аталган өлкөлөргө виза алыш үчүн кыргызстандыктар Казакстандын Нур-Султан шаарындагы виза борборлоруна же элчилигине кайрылышы керек. Ал эми 31-декабрга чейин берилген арыздар Бишкекте каралат.

Бирок  Германиянын Бишкектеги элчилиги өкүлчүлүк катары Бельгия, Греция, Люксембург, Нидерланд, Норвегия, Португалия жана Швеция өлкөлөрүнө виза берүү иштерин уланта берет.

Ссылка: https://barometr.kg/kelerki-zhyly-kyrgyzstandyktar-kee-bir-lklrg-viza-aluuga-nur-surtanga-baryshat



Добавить комментарий