Баткенде жаракат алган жоокердин абалы канаттандыраарлык

24 декабрь 2019 13:20 861 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019- жылдын 23-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскердик кызматынын Колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, 2019-жылдын 18-декабрь күнү Баткен облусунун Көк-Таш айылында тараптардын түшүнбөстүктөрүнөн улам келип чыккан чыр-чатакта өз милдеттерин аткарып жүрүп, октон жаракат алган катардагы аскер Казыбеков Белек Абдилатовичтин Бишкек шаарындагы Травматологиялык жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткан жеринен кабар алды. Бул тууралуу ИИМдин ИКАКнын Басма сөз кызматы билдирди.  Операция Бишкек шаарындагы Травматологиялык жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунун директору, академик Джумабеков Сабырбек Артисбековичтин жетекчилигинде болду. Аскер Казыбеков Б.Анын абалы азыркы тапта канаттандыраарлык. 

Ссылка: https://barometr.kg/kechee-polkovnik-islambek-kenzhekulov-batkende-zharakat-algan-zhookerdi-krp-bardy



Добавить комментарий