Көчмөндөр оюну учурунда спирт ичимдиктерине тыюу салынаары эскертилди

25 август 2018 02:40 5108 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл  районунун акими Данир Иманалиев  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлүп жаткан учурда алкоголдук ичимдиктерди сатууга  катуу тыюу салынарын эскерттип өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кайрылды. 

Анда: “Урматтуу достор! III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлүп жаткан учурда Кырчын жайлоосуна конок катары же башка иштер менен келүүнү каалаган бардык жарандар! Темир жана Семенов айыл аймактарынын Жергиликтүү кеңешинин депутаттары тарабынан атайын токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык алкоголдук ичимдиктерди сатууга толугу менен тыюу салынат. Өз кезегинде биз жергиликтүү калкка маалымдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Аталган эреженин сакталышы үчүн ИИМдин Ысык-Көл облустук кызмакерлери, элдик ыктыярчылар менен биргеликте абалды көзөмөлгө алышат. Милиция кызматкерлери ар бир  унааны текшеришет. Бардык келчү конокторду бул көрүнүшкө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. 

Урматтуу достор! Биз Сиздер менен III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коопсуз жана жогорку деңгээлде өтүшүнө биргеликте аракеттенели” - деп кайрылган Иманалиев.   

Белгилей кетсек буга чейин саламаттыкты сактоо министри III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну учурунда көчөдө туруп тамак сатууга тыюу салганын эскерткен. Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kchmndr-oyunu-uchurunda-spirt-ichimdikterine-tyyuu-salynaary-eskertildi



Добавить комментарий