Көчмөндөр оюну учурунда адашып калсаңыз, "1262" номерине чалыңыз
Бөлүшүү:
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну учурунда адашып калсаңыз, "1262" атайын номерине чалсаңыз болот. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, кыргыз, орус жана англис тилинде сүйлөгөн операторлор күнү-түнү кызматта болот. Ошондой эле бул номерге чет элдик жарандар дагы кайрыла алат. Алар үчүн англис тилинде сүйлөгөн операторлор иш алып барат. Бул жакка жарандар менен коноктор жол коопсуздугу, жолдор схемасы жана унаа токтотуучу жайлар боюнча маалымат алуу үчүн кайрылса болот. Кызмат күнү-түнү иштейт.
Ссылка: https://barometr.kg/kchmndr-oyunu-uchurunda-adashyp-kalsayz-1262-nomerine-chalyyz
Добавить комментарий ×