Көчмөндөр оюндарында 46 адам медициналык жардамга кайрылса, анын сегизи ооруканада
Бөлүшүү:
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 46 адам медициналык жардамга кайрылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, 2-4-сентябрь аралыгында оюндар учурунда 46 адам кайрылса, анын сегизи ооруканага жаткырылды. Аймактык медициналык жайлар күнү-түнү иштөө режимине өткөрүлүп, жерине кошумча препараттар жана жабдуулар жеткирилген. Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт.
Добавить комментарий ×