Көчмөндөр оюндарына карата Балыкчы-Каракол жолунда унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет
Бөлүшүү:
Көчмөндөр оюндарына карата Балыкчы-Каракол жолунда транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 30-августтан 9-сентябрга чейин аталган жолдон жүк ташуучу, автобустардын, маршруттук таксилердин, айыл-чарба техникаларынын жана кооптуу жүк ташыган транспорттун катташы чектелет. Альтернативалык каттам катары айдоочуларга Чолпон-Атадагы айланма жол сунушталат.
Добавить комментарий ×