Күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө Казакстанда жана Кытайда да болду

7 февраль 2023 10:15 1415 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Кытай менен чек арасына жакын аймакта жер титирөө болду. Бул тууралуу Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө болгон.

“Жер титирөөнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «SOME» ЖЧКсынын сейсмикалык станциялар тармагы 7-февралда Астана убактысы боюнча саат 8:45те каттаган. Жер титирөөнүн очогу Алматыдан 375 чакырым түндүк-чыгышта Кытайдын аймагында жайгашкан. Жер титирөөнүн энергетикалык классы 11,2 жана күчү   4,7 болгон”, -деп айтылат.   

Ссылка: https://barometr.kg/kch-47-ballga-zhetken-zher-titir-kazakstanda-zhana-kytajda-da-boldu



Добавить комментарий