Казакстанга аномалдуу ысык келүүдө, абанын температурасы +45 градуска жетет

1 июль 2021 09:52 2283 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жакынкы бир нече күндө Казакстанда аномалдуу ысыктын болушу күтүлүп жатат. Бул тууралуу "Казгидромет" кабарлады.

Синоптиктердин айтымында, 1-июлдан 3-июлга чейин Ирандан келген ысык жана кургак аба массалары Казакстандын батыш аймактарын каптайт.

Анын натыйжасында түнкүсүн аба ырайы 12 -25 градус ысык болсо, күндүзгү ысык 30-45 градуска жетет.Мындай ысык аба ырайы өлкөнүн бир катар областарында болмокчу.

   

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanga-anomalduu-ysyk-keld-abanyn-temperaturasy-45-graduska-zhetet



Добавить комментарий