Казакстандын туңгуч президенти Назарбаевдин иниси 71жаш курагында каза болду

13 ноябрь 2023 12:15 3188 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын туңгуч президенти Болат Назарбаев 71 жашында каза болду. Бул тууралуу казак басылмаларына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

«13-ноябрда саат 09:51де Болат Назарбаев узакка созулган оорудан кийин каза болду», — деп айтылат Алматынын борбордук клиникалык ооруканасынын билдирүүсүндө.

Болат Назарбаевдин өлүмү тууралуу маалыматты биринчи президенттин кеңешчиси Айдос Укибай да тастыктаган.

«Узакка созулган оорудан кийин 70 жаш курагында Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Абишевич Назарбаев каза болду», — деп жазды Укибай Твиттердеги баракчасына.

Эске сала кетсек, 4-ноябрда Казакстандын бир катар ЖМКлары Болат Назарбаевдин абалы оор экенин жазып чыгышкан. 
Басылмалар Болат Назарбаевдин экинчи жолу инфаркт алып, ооруканага жаткырылганын, абалы оор жана туруксуз экенин белгилешкен.

Болат Назарбаев 1953-жылы 23-мартта Алматы облусунун Шамалган айылында туулган.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-tuguch-prezidenti-nazarbaevdin-inisi-71zhash-kuragynda-kaza-boldu



Добавить комментарий