Казакстандын Түркстан облусунда өзбек жана казактар мушташты

24 июль 2020 10:52 2087 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Түркстан облусундагы Шорнак айылында казак жана өзбек улутунун жашоочулары ортосунда чыр чыгып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ММКларына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Казакстандын Түркстан облусундагы Шорнак айылында жергиликтүү тургундар ортосунда мушташ чыгып, үч киши жаракат алды.

«Алгач Шорнак айылынын эки жашоочусунун ортосунда жаңжал чыккан. Көп өтпөй белгисиз адамдар келип, алардын биринин үйүнө жана коңшу жайгашкан үйлөргө таш ыргытышкан. Жыйынтыгында үч киши жана окуя болгон жерге барган аймактык тескөөчү жаракат алган», - деп айтылат маалыматта.

Шорнак айылында көбүнчө казак жана өзбек улутунун жашоочулары басымдуулук кылат. Анда элдик саны 11 миңден ашуун. Маалыматка ылайык мушташ казак жана өзбек улутундагы тургундар ортосунда болгон.

Полиция окуянын улут аралык жаңжал экенин четке кагып, окуяга байланыштуу 4 киши камакка алынып, текшерилип жатканын айтат.

Ошондой эле, жаракат алган эки кишинин абалы туруктуу. Ал эми бир кишинин абалы оор деп бааланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-trkstan-oblusunda-zbek-zhana-kazaktar-mushtashty



Добавить комментарий