Казакстандын саналуу министрлери аралыкта иштешет

16 июнь 2020 15:15 1095 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Боордош  Казак Республикасынын Саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон COVID-19 аныкталгандан кийин кээ бир аткаминерлер  карантинге чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Казакстандын премьер-министри, Билим берүү министри,Коргоо министри, Айыл-чарба министри жана Жамбыл облусунун акими аралыктан иш алып барууга өтүштү.

Эскерте кетсек, Казакстандын премьер-министр Жамбыл облусуна иш сапары менен барган. Андан эки күн өткөндөн кийин андан коронавирус инфекциясы табылып, ооруканага жаткырылган.

Кийинчээрек, Павлодар облусунун акиминин орун басары Асхат Оралов вирусту жугузуп алганы тастыкталган.

Белгилей кетсек, коронавирусту жугузуп алгандар Казакстанда 15 192 ни түздү. Анын 9 388 оорудан айыгып, 81и каза тапты.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-sanaluu-ministrleri-aralykta-ishteshet



Добавить комментарий