Казакстандын Саламаттык сактоо министринин орун басарын Финпол кармады

3 август 2020 09:56 723 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Саламаттык сактоо министринин орун басары бюджеттик каражатты уурдаган деген шек менен камакка алынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Финансы министрлигине таянып “Барометр” билдирет.

Кечээ, 2-августта «Финансы министрлигинин Каржылык мониторинг боюнча комитети бюжеттик каражатты уурдаган деген шек менен Саламаттык сактоо министринин орун басары Олжас Абишевдин кармалганын ырастайт»,- деп айтылат маалыматта.

Аталган кызматка Абишев 2018-жылы дайындалган.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы эки аткаминерге кылмыш иши козголгону маалым болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-salamattyk-saktoo-ministrinin-orun-basaryn-finpol-karmaldy



Добавить комментарий