Казакстандын Саламаттык сактоо министри кызматтан алынды

26 июнь 2020 11:08 825 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын президенти Саламаттык сактоо министрин кызматтан бошотту. Бул тууралуу "Азия азыркы учурда» баракчасынан “Барометр” которду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен үч жылдан бери иштеп келген Елжан Биртанов кызматтан алынды. Дагы бир жарлыкка ылайык, Алексей Цой Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.

Мындай өзгөрүүлөрдүн себеби ачык айтылган жок.

Белгилей кетсек, Биртановго коронавирус илдети мындан 10 күн мурун жукту деген маалымат түшкөн. Ошондой эле, соңку кырдаалга байланыштуу казак журтчулугу аталган министрликке доомат айтып келген.

Ал эми Алексей Цой буга чейин Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп эки жыл иштеген.

Учурда Казакстанда 19 285 учур катталып, алардын 12 220сы айыгып, 140 адам каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-salamattyk-saktoo-ministri-kyzmattan-alyndy



Добавить комментарий